Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында жаңы бала бакча пайда болот.
Райондук администрациянын маалыматына караганда, 100 орундуу бакчанын
курулушуна капсула салуу аземи өтүп, иштер башталды. Долбоорду ишке
ашыруунун сметалык баасы 55 миллион сомду түзөт. Бакчаны
2022-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.