Бишкектеги башкы балаты ушул жуманын аягына чейин алынат
Бишкектеги башкы балаты ушул жуманын аягына чейин алынат. Novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, салтка айлангандай Ала-Тоо аянтына орнотулган кыш сулуусу эски жаңы жыл майрамынан кийин жыйналат. Бул болжолдуу түрдө 13-14-январга туура келет. Оюнчуктар, инсталяциялар кийинки жылы да колдонуу максатында кампага жеткирилет.