Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык Бишкекке келе жатат

 

Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык Бишкекке келе жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

 

Ал белгилегендей, мекенине кайтууну каалаган ар бир жаранга жардам берилет. Эске салсак, буга чейин ондогон кыргыз жарандары Казакстандан эвакуацияланган.