Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 6 миң 675 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 870 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 805 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 миллион 247 миңден ашык адам вакцинанын биринчи, ал эми 1 миллион 39 миңге жакын жаран экинчи компоненти менен эмделди. Эске салсак, өлкөдө эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.