Баткен облусун таза суу менен камсыздоо иштери уланууда.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Баткен жана
Лейлек райондоруна 18 скважина куруу пландалды. Учурда 6 скважина
казуу иштери Самаркандек, Ак-Татыр айылдарында жүрүп жатат.
Жумуштардын аякташы менен таза суу жана сугат маселеси чечилет.
Ошондой эле жаңы скважиналар менен бирге эскилер да
калыбына келтирилип, оңдолот.