ЕАЭБ чек араларынан мыйзамсыз товар ташыгандарга салынган айыптын көлөмү көбөйүшү мүмкүн

ЕАЭБ чек араларынан мыйзамсыз товар ташыгандарга салынган айыптын көлөмү көбөйүшү мүмкүн.

Юстиция министрлиги сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, бажы аркылуу өкөрүүгө аракет кылынган

мыйзамсыз жүк үчүн юридикалык тараптарга 150 миң сом, физикалык жактарга 100 миң сомду түзүшү

керек. Ири өлчөмдө айып салуудан тышкары, мыйзам бузуу кайталаган учурда айыптын көлөмү эки

эсе көбөйтүлүп, унаа конфискацияланат. Белгилеп кетсек, учурда чек арадан мыйзамсыз товар

ташыгандарга салынган айыптын көлөмү 23 жана 7 миң сомду түзөт