Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди

Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Базарлар, соода борборлору, ресторандар жабылып, бир гана азык-түлүк

дүкөндөрүнүн ишине уруксат берилди.

Соода борборлору, базарлар, мейманкана жана дүкөндөр карантинге

жабылганын Ашхабад тургундары 15-январь күнү эртең менен билишти.

«Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Анткени шаардагы маданий-оюн зоок борборлору

жума күнү кечке чейин иштеп жаткан, ишембиде баары жабылып калды.

Мекеме жумушчулары карантин жарыяланганын ишемби күнү таң эрте

жумушка чыкканда билишти. Жаңы чектөөлөр февралга чейин сакталат», — деди

шаар тургандарынын бири.

Борбор калаада театр менен концерттик залдар да жабылды.

15-январда Түркмөнстандын башка аймактарында да карантиндик чектөөлөр

жарыяланганы белгилүү болду.

“Аймактар да толук жабылды. Мары облусуна кирип-чыгуу чектелди.

Жашоочулардын айтымында, карантин шылтоо гана, бийлик көтөрүлүштөн

коркуп жатат”, — деди Мары облусунун тургуну.

Түркмөнстан бийлиги азыркыга чейин өлкөдө коронавирус жуктурган учур

каттала электигин айтып келет. Эл расмий маалыматка ишенбейт.

2021-жылдын октябрь айында “Азаттыктын” түркмөн кызматынын

өз булагы өлкөдө коронавирустан кеминде 25 миң киши кайтыш болгонун билдирген.