Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булун” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү түйүндөрү ачылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булун” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү түйүндөрү ачылды.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бүгүндөн тартып пункттардан жарандар жана

жүктөр өткөрүлүп жатат. Анын ортосунда бир катар чектөөлөр күчүндө, алсак,

кыргызстандыктарга жана чет өлкөлүктөргө Казакстандын аймагына кирүүгө тыюу салынат,

бирок коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктар эки мамлекеттин чек араларынан

Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз өтө алышат.