Мэрия жарандарды ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырат. Муниципалитет маалыматына ылайык, ооруп калгандар үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине кайрылса болот жана медицина кызматкерлери тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр.
Белгилеп кетсек, 17-январга карата Бишкекте коронавирус менен пневмонияга кабылган 658 адам катталды.
Дарыгерлер калкты эл көп топтолгон жерлерге барбоого, аралыкты сактоого, бет кап тагынып жүрүүгө, колду тез-тез жууп турууга, антисептик колдонуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырып келет.