Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дун жаңы штаммы чыккан учурда бейтаптарды дарылоо

тартиби өзгөрүп турат. Учурда дарыгерлер жаңы протокол менен таанышып,

бейтаптарды ага ылайык дарылап жатат. Белгилеп кетсек, өткөн жумада

Кыргызстанда вирустун “омикрон” штаммы катталды. Аны менен катар

коронавирустун 4-толкуну жүрүп жатат.