Бишкекте мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү.
24 агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргендей,
учурда 12 көчмө топ вируска кабылгандарга барып, жардам берүүдө.
Алардын санын көбөйтүү 118 чалуу борборуна түшкөн кайрылуулардын
жогорулаганына байланыштуу. Операторлор күнүнө 800гө чейин
чалууну кабыл алышууда. Өткөн жумада борбордун иштөө графиги
күчөтүлгөн. Учурда операторлор 8ден кечки 10го чейин
жарандарга кеп-кеңеш берип жатат