Кытай коронавируска байланыштуу 2022-жылкы кышкы Олимпиадага билет сатууну токтотту
Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу Пекиндеги 2022-жылкы кышкы Олимпиадага билет сатууну токтотту. Уюштуруучулар кабарлагандай, катуу санитардык эрежелерди аткарууга милдеттендирилген көрүүчүлөрдүн атайын тобу гана оюндарга киргизилет. Ал эми чет өлкөлүк сүрөөнчүлөр Олимпиаданы жеринен көрө албайт. Оюндар 4-февралда башталат.