Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны былтыр эки эсе көбөйдү

Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны былтыр эки эсе көбөйдү. Аталган мамлекеттин миграция боюнча маалыматына ылайык, өткөн жылы 20 миңге жакын кыргыз — орус паспортун алышкан.   Кыргызстан 2021-жылы жарандары эң көп Россия паспортун алган өлкөлөрдүн арасында тогузунчу орунда турат. Ал эми биринчи орунду украиндер, экинчини тажиктер, үчүнчү орунду… Кененирээк…

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат.   Учурда Унаа жана жолдор министрлиги тарабынан 14 чакырым жолдун курулуш долбоору иштелип чыгууда. Анын болжолдуу наркы 800 миллион сомду түзөт.   Белгилеп кетсек, Бишкек-Ош жолундагы Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө 35 миңге жакын унаа өтөт. Мунун айынан… Кененирээк…

Чаткалда муз тоңуп калган унаа жол тазаланып, кооптуу абал жөнгө салынды

Чаткалда муз тоңуп калган унаа жол тазаланып, кооптуу абал жөнгө салынды. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, жерине 5 куткаруучу жана  1 жүк көтөргүч тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.   Эске салсак, кечээ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолундагы көпүрөгө тоңгон муз сууну тосуп калып, кооптуу… Кененирээк…

Баткен облусун өнүктүрүүгө министрлер кабинети Дүйнөлүк банктан  50 миллион доллар алат

Баткен облусун өнүктүрүүгө министрлер кабинети Дүйнөлүк банктан  50 миллион доллар алат.   Экономика жана соода министрлигинен маалым болгондой, каражат аймактагы чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө, негизги муниципалдык кызматтарды жакшыртууга, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүү жолу менен аймактык экономиканы алдыга жылдырууга багытталат.   Акча кандай шарттар менен… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Ош облусунун Араван районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объект керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган, анда күтүү залы, маалымат берүүчү бөлүм бар.   Ошондой эле, калкты тейлөөчү борбордо электрондук кезек системасы жана видео байкоо камералары орнотулган. Орточо… Кененирээк…

Балдарды биринчи класска кабыл алууда эч кандай тестирлөө жана сынактар өткөрүлбөйт

Балдарды биринчи класска кабыл алууда эч кандай тестирлөө жана сынактар өткөрүлбөйт. Билим  берүү министрлигинен билдиришкендей, 6-7 жашка толгон балдар даярдыгына карабай мектептерге кабыл алынышы керек.   Болгону бала менен маектешүү өткөрүп, айрым мугалимдерге анын жыйынтыгы менен сунуштар берилиши мүмкүн, бирок сынактар жана экзамендер өткөрүлбөйт.

Бүгүн 2 округда кайра өтө турган шайлоого талапкерлерди жылдыруу токтотулат

Бүгүн 2 округда кайра өтө турган шайлоого талапкерлерди жылдыруу токтотулат. БШКнын маалыматына ылайык, андан кийин талапкерлигин жылдырган жарандарга документтерин тапшырууга жана банкка шайлоо күрөөсүн төгүүгө 3 күн берилет.   Эске салсак, Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо   27-февралда өтөт.

Бишкектин бир бөлүгүндө түндө электр энергиясынын өчүшүнө техникалык мүчүлүштүктөр себеп болду

Бишкектин бир бөлүгүндө түндө электр энергиясынын өчүшүнө техникалык мүчүлүштүктөр себеп болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан такташкандай, эч кандай авария же башка олуттуу маселелер катталган жок. Зымдардын тийишип калуусунан гана жарык өчүп, кыска убакытта кайрадан берилди. Белгилеп кетсек, түндө ордо калаанын… Кененирээк…

Кыргызстан жакынкы 3 жылда “Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизет

Кыргызстан жакынкы 3 жылда “Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады. Анын айтымында, курулуш иштери ушул жазда башталат. Бул максатта жалпысынан 400 миллион доллар талап кылынат.   Долбоорду ишке ашырууга каражат мамлекеттик бюджеттен дагы бөлүнүп, жеке инвестициялар дагы тартылат. Эске… Кененирээк…

«Камбар-Ата 1» ГЭСинин инфраструктурасын жакшыртуу быйыл жазда башталат

Кыргызстан өз каражатына «Камбар-Ата 1» ГЭСинин инфратүзүмүн оңдоону быйыл жазында баштоону пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Камбар-Ата 1″ ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 1860 МВт. Техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) иштелип чыккан. ТЭО боюнча бул долбоор… Кененирээк…