Бишкектин бир бөлүгүндө түндө электр энергиясынын өчүшүнө техникалык мүчүлүштүктөр себеп болду

Бишкектин бир бөлүгүндө түндө электр энергиясынын өчүшүнө техникалык мүчүлүштүктөр себеп болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, эч кандай авария же башка олуттуу маселелер катталган жок. Зымдардын тийишип калуусунан гана жарык өчүп, кыска убакытта кайрадан берилди. Белгилеп кетсек, түндө ордо калаанын айрым кичи райондорунда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.