Ош облусунун Араван районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Ош облусунун Араван районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объект керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган, анда күтүү залы, маалымат берүүчү бөлүм бар.

 

Ошондой эле, калкты тейлөөчү борбордо электрондук кезек системасы жана видео байкоо камералары орнотулган. Орточо эсеп менен борбор күнүнө 350гө чейин жаранды тейлейт.