Чаткалда муз тоңуп калган унаа жол тазаланып, кооптуу абал жөнгө салынды

Чаткалда муз тоңуп калган унаа жол тазаланып, кооптуу абал жөнгө салынды. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, жерине 5 куткаруучу жана  1 жүк көтөргүч тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

 

Эске салсак, кечээ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолундагы көпүрөгө тоңгон муз сууну тосуп калып, кооптуу кырдаал жаралган.

 

Буга байланыштуу унаа жол бир нече саатка убактылуу жабылган.