Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат.
Учурда Унаа жана жолдор министрлиги тарабынан 14 чакырым жолдун курулуш долбоору иштелип чыгууда. Анын болжолдуу наркы 800 миллион сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, Бишкек-Ош жолундагы Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө 35 миңге жакын унаа өтөт. Мунун айынан жол тыгындары жаралып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралууда.