Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кийинки жылга чейин созулат

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу кийинки жылга чейин созулат.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун экинчи фазасынын курулушу жүрүп жатат.   Эске салсак, буга чейин аталган трассанын курулушу 2020-жылдын жаз айларында аяктайт деп айтылган.

Жалал-Абадда ишкерлер куруп жаткан футбол академиясы ушул жылы пайдаланууга берилет

Жалал-Абадда ишкерлер куруп жаткан футбол академиясы ушул жылы пайдаланууга берилет. Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.   Акыркы технологияларды колдонуу менен тургузулуп жаткан академияда 7 жаштан 17 жашка чейинки 200гө жакын бала билим алат.   Мындан тышкары, 18 жаштан жогорку балдардан турган эки… Кененирээк…

Бүгүн салык режимин тандоо мөөнөтүнүн акыркы күнү

Бүгүн салык режимин тандоо мөөнөтүнүн акыркы күнү. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, бардык салык төлөөчүлөр 28-январга чейин аларга кайрылуусу зарыл.   Эске салсак, жаңы кабыл алынган кодекске ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патент, салык контрагы, чекене сатуудан салыкка каражат төлөп жүргөндөр салык режимин тандоого милдеттүү.  … Кененирээк…

Кыргызстанга темир жол үчүн дагы 20 жаңы жүк вагондору келди

Кыргызстанга темир жол үчүн дагы 20 жаңы жүк вагондору келди.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жалпысынан 100 вагон сатып алынат.   Белгилеп кетсек, 2015-жылдан бери Россия оңдоп-түзөөдөн өткөн жүк вагондорун киргизүүгө тыюу салган.   Мындан улам өлкө жаңы жүк ташуучу вагондорду сатып алууда.

Бишкекте дагы бир мектеп карантинге жабылды

Бишкекте дагы бир мектеп карантинге жабылды.   Шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашкандай, №24 мектепте коронавирус инфекциясынын беш учуру катталып, онлайн окутууга өттү.   Эске салсак, учурда борбор калаадагы 26 муниципалдык жана 8 жеке менчик мектеп, ошондой эле 3 бала бакча аралыктан окууда.

Өлкөдө жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы өтөт

Өлкөдө жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы өтөт. Анда окуучулар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча макеттерди жасайт.   Олимпиадага 13 жаштан 16 жашка чейинки республиканын бардык аймактарынан окуучулар катыша алат.   Азыркы тапта алар февраль айынын башында боло турган таймашка даярдыктарды көрүшүүдө.

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялардын тармагы пайда болду

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялардын тармагы пайда болду. Мэриядан кабарлашкандай, шаарда электр менен жүрүүчү унааларды заряддоочу  10 түйүн иштеп баштады.   Электромобилдерди кубаттоо борбордогу дээрлик бардык ири соода түйүндөрүндө жүргүзүлөт.

Ноокатта милициянын коомдук борбору ачылды

Ноокатта милициянын коомдук борбору ачылды. Ош облустук ички иштер башкармалгынан билдиришкендей, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү имараттын курулушуна 640 миң сомго жакын каражат жумшалды.   Борбор жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын кабыл алуу, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүү, маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын уюштуруу иштерин жүргүзөт.

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды. Мамлекеттик салык кызматынан маалым болгондой, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча декларация толтуруу жараяны эки этапта өтөт.   Ага ылайык  1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери ошондой эле, жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык… Кененирээк…

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2,8 миллиард доллар керектелет

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2,8 миллиард доллар керектелет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, ГЭС курулчу жайга жазында жолдор, көпүрөлөр салынып, инфраструктурасы оңдолуп, курулушка даярдык башталат.   Маалым болгондой, долбоордун кубаттуулугу 1 миң 860 мегаваттты түзөт.