Бишкек – Жидда чартердик каттамы 6-февралда ачылат
Бишкек – Жидда чартердик каттамы 6-февралда ачылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, рейс Кыргызстан менен Сауд Аравиянын өкмөттөрү түзгөн келишимдин негизинде аткарылмакчы. Каттам жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарылып, кийин 4кө чейин көбөйүшү мүмкүн.