Кайра шайлоодо мөөнөтүнөн эрте добуш бере тургандардын тизмеси 18-февралга чейин жарыяланат. БШК маалыматына ылайык, ага стационарларда дарыланып жаткандар, камактагы адамдар, тынымсыз тартиптеги ишканалардын кызматкерлери жана аскерлер кирет. Аларга көчмө шайлоо тилкелери жөнөтүлөт.
Эске салсак, 7-февралга чейин Боршайком бардык талапкерлерди каттоого алышы керек, андан кийин үгүт жүргүзүү башталат. Ал эми шайлоонун өзү 27-февралга белгиленди.