Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын)
бир күндө 2 миң 207 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, анын ичинен Бишкекте – 229, Ошто – 224, Чүй облусунда – 162,
Ош облусунда – 460, Талас облусунда – 67, Нарын облусунда – 148, Ысык-Көл
облусунда – 143, Жалал-Абад облусунда – 633, Баткен облусунда – 141 адам эмделди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2-февралга карата коронавирус 201 адамдан аныкталды