«Манас» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу бир катар каттамдар кармалууда.
Аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Шарджа, Стамбул жана Москва
шаарларына уча турган айрым жүргүнчүлөрдүн каттамдарынын убактылары жылышы мүмкүн.
Бул аба-ырайынын шарттарынан улам бүгүн таңда Шарджа, Москва жана Стамбул шаарларынан
коно турган учактар кармалганына байланыштуу. Рейстер тууралуу аба майдандын
сурап-билүү борборуна чалса болот.