Улуттук тарых музейи ачылгандан бери 2 миллион 123 миң сом түштү

Улуттук тарых музейи ачылгандан бери 2 миллион 123 миң сом түштү. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, 2021-жылдын декабрында эле 22 миң 500 адам кирген. Бүгүнкү күндө тарыхый мекемеде 4 миң 500 экспонат бар. Эске салсак, Бишкектеги Улуттук тарых музейи 5 жылдык оңдоо иштеринен кийин 19-ноябрда… Кененирээк…

Максим Гордеев Олимпиада оюндарына катышуу үчүн бүгүн Кытайга жөнөп кетет

Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Олимпиада оюндарына катышуу үчүн бүгүн Кытайга жөнөп кетет. Ал 16-февралда “слалом” дисциплинасында таймашка чыгат. Гордеев оюнга катышуу укугун былтыр ноябрда Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн квалификациялык турнирде алган. Делегациянын курамына андан тышкары лыжа спортчусунун машыктуруучусу Игорь Борисов жана Улуттук олимпиада комитетинин кызматкерлери… Кененирээк…

Көчмө дартты аныктоочу комплекс ушул айда Балыкчыга барат

Көчмө дартты аныктоочу комплекс ушул айда Балыкчыга барат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, адистер ноябрдан бери Чүй облусунун Кемин жана башка райондорундагы жашоочуларды акысыз кабыл алышты. Жалпысынан 6 миңден ашык жаранга кызмат көрсөтүлдү. Эске салсак, көчмө клиникада дарыгерлердин кабинети, анализдерди жүргүзүү үчүн лаборатория, компьютердик томография, операциялык… Кененирээк…

Кыргызстанда дизелдик отун бир айда 2 сом 26 тыйынга кымбаттады

Кыргызстанда дизелдик отун бир айда 2 сом 26 тыйынга кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 1-январда солярканын бир литри орточо эсеп менен 57 сом 90 тыйын болсо, баалар 1-февралда 60 сом 16 тыйынга жетти. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1 сом 33 тыйынга жана АИ-95… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мындай чечим дүйнөлүк экономикадагы бүгүнкү тенденцияларды эске алуу менен, өлкөдөгү инфляциялык процесстерди төмөндөтүү максатында, баалардын кескин өсүшүн токтотуу үчүн кабыл алынды. Адистердин айтымында, эсептик чен жогорулаганда депозиттер боюнча дагы чендер өсөт. Бул… Кененирээк…

Баткен районунда турак жай куруу үчүн жер берилет

Баткен районунда турак жай куруу үчүн жер берилет. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, бул максатта дээрлик 450 гектар аймак бөлүнөт. Участоктор Кара-Бак жана Дара айыл өкмөттөрүндө жайгашат. Учурда жерлерге тиешелүү бардык документ иштери аяктады. Бөлүштүрүү процесси жакынкы аралыкта старт алат.

Кыргызстанда 110 миңден ашык үй-бүлө жарык үчүн арзандатылган тариф менен төлөп баштады

Кыргызстанда 110 миңден ашык үй-бүлө жарык үчүн арзандатылган тариф менен төлөп баштады. Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматы боюнча, “Үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алып жүргөндөр үчүн 1-январдан тартып 1 кВт/саат үчүн 50 тыйындан төлөйт. Бирок керектөө айына 700 кВттан ашып кетсе, анда кадимки тариф боюнча чегерилет.… Кененирээк…

Кыргызстан кезектеги ирет коронавирустун жогорку чегинен ашып өттү

Кыргызстан кезектеги ирет коронавирустун жогорку чегинен ашып өттү. Ооруларды алдын алуу жана санэпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин адиси Динара Оторбаеванын айтымында, ковиддин туу чокусу 10-январдан 23үнө чейин туура келип, күнүнө 800 учурга чейин катталды. Анын ортосунда бейтаптардын 70 пайызы вирусту жеңил өткөрүштү. Оторбаева белгилегендей, учурда өлкөнүн басымдуу… Кененирээк…

Өзбекстанда ковидге каршы вакцина алгандарга унаа белекке берилип баштады

Өзбекстанда ковидге каршы вакцина алгандарга унаа белекке берилип баштады. Ойнотулган биринчи унаанын ээси Фуркат районунун тургуну Баходиржон Эсоналиев болду. Буга чейин айтылгандай, коңшу өлкөдө эмдөөдөн өткөн бардык жарандар автоматтык түрдө оюндун катышуучусу болот. Ал вакцинанын түрү жана дозасынан көз каранды эмес. Эске салсак, Өзбекстанда июнга… Кененирээк…

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 3-6-февралда иш сапары менен КЭРде болот. Бул туурасында КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди. Жээнбек Кулубаев белгилегендей, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы… Кененирээк…