Бишкектеги “Мурас-Ордо” конушунда электр энергия системасы жакшыртылууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, конуштагы көчөлөрдүн төмөнкү жагына шаардык
типтеги 5 трансформатордук көмөк чордондор орнотулуп жатат. Иштерге дээрлик
6,5 миллион сом багытталат. Каражат шаардык бюджеттен берилди