Олимпиада: Медалдардын саны боюнча Норвегия алдыга чыкты

Олимпиада күндөлүгүнөн. Медалдардын саны боюнча Норвегия алдыга чыкты.   Соңку маалыматтарга ылайык, Норвегия 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль менен биринчи орунда.   Экинчиде 5 алтын, 3 күмүш менен Германия болсо, үчүнчүдө Австрия курамасы 4 алтын, 4 күмүш жана 4 коло байге менен келе… Кененирээк…

Окуучулар мектепке келгенде бут кийимдерин алмаштыруу боюнча долбоор иштелип чыкты

Окуучулар мектепке келгенде бут кийимдерин алмаштыруу боюнча долбоор иштелип чыкты.   Бул тууралуу ордо калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, бул система Бишкектин үч билим берүү мекемесинде сыноодон өтүп жатат.   Демилге балдардын тазалылыгын камсыздоо үчүн жасалууда.

Кыргызстан “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга 500 миллион евро карыз алууну көздөөдө

Кыргызстан “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга еврооблигациялар аркылуу 500 миллион евро карыз алууну көздөөдө.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, бийлик инфраструктуралык курулушту баштоо үчүн дээрлик 19 миллион доллар тапты, ошол эле учурда ГЭСтин курулушунун биринчи фазасына 458 миллион доллар керектелет.   Ошондой эле, “Камбар-Ата… Кененирээк…

Айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине терезелерин караңгылатууга уруксат берилбейт

Айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине терезелерин караңгылатууга уруксат берилбейт.   Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Ал ошондой эле лицензия унаага эмес, жеке адамга берилээрин белгиледи.   Караңгылатууга уруксат алган жаран унаасын сатуу учурунда алган лицензиясын сатып алуучуга өткөрүп бере алат… Кененирээк…

Ош шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди

Ош шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди.   Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, түштүк калаанын быйылкы бюджети 1 миллиард 600 жарым миллион деп бекитилди.   Белгилеп кетсек, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 243 миллион сомго көп.

Жергиликтүү шайлоодо жарандар 25-мартка чейин өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактаса болот

Жергиликтүү шайлоодо Кыргызстандын жарандары 25-мартка чейин өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактаса болот.   БШК календардык планды бекитти.   23-февралга дейре жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо тилкелеринин схемалары белгилүү болот.   Шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 11-мартка чейин бекитилиши керек.   Эске салсак, 10-апрелде Чүй, Ош, Нарын, Жалал-Абад… Кененирээк…

Аксы районунда жаңы бала бакча ачылат

Аксы районунда жаңы бала бакча ачылат. Novosti.kgге райондун акими Замирбек Сыдыков билдиргендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 60 орунга эсептелет.   Үч-Коргон айыл аймагындагы имаратка жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом жумшалса, 3 миллион сомду жеке ишкер берди.

Ала качуу тууралуу тасма “Оскарга” көрсөтүлдү

Ала качуу тууралуу тасма “Оскарга” көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат америкалык киноакадемиянын расмий сайтында жарыяланды. Немис режиссеру Мария Брендл Кыргызстанда тарткан кино “Оскар” үчүн “Эң мыкты кыска метраждуу тасма” категориясында күч сынашат. Жеңүүчү 27-мартта аныкталат.   Эске салсак, тасма  Бишкектин жогорку окуу жайына окууга өтүүнү кыялданган… Кененирээк…

Кениянын 98 жаштагы тургуну билим алууга киришти

Кениянын 98 жаштагы тургуну билим алууга киришти. Присцилла Ситиени бала кезинде мектепке барбай калып, өмүр бою окуганды жана жазганды билбей жашады.   Эми ал мектепке аттестат алуу үчүн гана эмес, небере жана чөбөрөлөрүнө үлгү берүү үчүн келди. Учурда байбиче 6-класстын окуучулары менен бир класста окуйт.… Кененирээк…

Чет мамлекеттерде 1 миллион 118 миң кыргызстандык эмгектенет

Чет мамлекеттерде 1 миллион 118 миң кыргызстандык эмгектенет.   Бул тууралуу Эмгек жана миграция министрлигинин жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.   Анын айтымында, мигранттардын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет – 1 миллион  63 миң. Экинчи орунда Казакстан турат. Коңшу мамлекетте… Кененирээк…