Жергиликтүү шайлоодо Кыргызстандын жарандары 25-мартка чейин өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактаса болот.
БШК календардык планды бекитти.
23-февралга дейре жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо тилкелеринин схемалары белгилүү болот.
Шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 11-мартка чейин бекитилиши керек.
Эске салсак, 10-апрелде Чүй, Ош, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.