Кениянын 98 жаштагы тургуну билим алууга киришти

Кениянын 98 жаштагы тургуну билим алууга киришти. Присцилла Ситиени бала кезинде мектепке барбай калып, өмүр бою окуганды жана жазганды билбей жашады.

 

Эми ал мектепке аттестат алуу үчүн гана эмес, небере жана чөбөрөлөрүнө үлгү берүү үчүн келди. Учурда байбиче 6-класстын окуучулары менен бир класста окуйт. Мугалимдер Присцилланы аракетчилиги жана жүрүм-туруму үчүн мактап келишет.