Айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине терезелерин караңгылатууга уруксат берилбейт

Айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине терезелерин караңгылатууга уруксат берилбейт.

 

Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Ал ошондой эле лицензия унаага эмес, жеке адамга берилээрин белгиледи.

 

Караңгылатууга уруксат алган жаран унаасын сатуу учурунда алган лицензиясын сатып алуучуга өткөрүп бере алат же анын калган мөөнөтүн башка унаага берсе болот.

 

Эске салсак, Кыргызстанда унаалардын терезелерин 30-50 миң сомго караңгылатууга уруксат берүү сунушталууда.