Чет мамлекеттерде 1 миллион 118 миң кыргызстандык эмгектенет

Чет мамлекеттерде 1 миллион 118 миң кыргызстандык эмгектенет.

 

Бул тууралуу Эмгек жана миграция министрлигинин жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

 

Анын айтымында, мигранттардын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет – 1 миллион  63 миң. Экинчи орунда Казакстан турат. Коңшу мамлекетте 30 миң мекендеш эмгектенсе, Түркияда – 20 миң, АКШ жана Араб эмирлигинде 10 миң. Эске салсак, жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу борбору өткөн айда түзүлдү.