Ала качуу тууралуу тасма “Оскарга” көрсөтүлдү

Ала качуу тууралуу тасма “Оскарга” көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат америкалык киноакадемиянын расмий сайтында жарыяланды. Немис режиссеру Мария Брендл Кыргызстанда тарткан кино “Оскар” үчүн “Эң мыкты кыска метраждуу тасма” категориясында күч сынашат. Жеңүүчү 27-мартта аныкталат.

 

Эске салсак, тасма  Бишкектин жогорку окуу жайына окууга өтүүнү кыялданган 19 жаштагы Сезим тууралуу баяндайт. Бирок аны белгисиз адам достору менен ала качып кетет.