Бишкекте жыл башынан бери сүт 12 сомго кымбаттады

Бишкекте жыл башынан бери сүт 12 сомго кымбаттады. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2021-жылдын декабрында сүттүн бир литри 49 сом 50 тыйын болсо, 17-февралда 61 сомго теңелди. Аталган азык Бишкектен тышкары дагы бир катар аймактарда наркын көтөрдү. Өлкө боюнча эн кымбат сүт Жалал-Абадда – литри 65… Кененирээк…

Тамакты көп жеп бирок толбогон адамдардын сыры айтылды

Тамакты көп жеп бирок толбогон адамдардын сыры айтылды. Россиянын Улуттук эндокринология борборунун илимий адистеринин айтымында, адамдын салмагына анын организминдеги бир катар факторлор себеп. Алсак, май канчалык көп болсо, зат алмашуу ошончолук жай иштейт. Андан улам арык адамдардын зат алмашуусу жакшы иштеп, тамакты туура сиңирет. Андан… Кененирээк…

Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу системасы толук автоматташтырылды жана ал бирдиктүү терезе аркылуу иштеп жатат

Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу системасы толук автоматташтырылды жана ал бирдиктүү терезе аркылуу иштеп жатат. Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, ата-энелер 4 миң сомдук пособиени эки күндөн кийин банк аркылуу ала алышат. Эске салсак, 2021-жылы “балага сүйүнчү” жөлөк пулу 149 миң… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган жарандарга көчүп кетүү боюнча эскертүүлөр берилүүдө

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган жарандарга көчүп кетүү боюнча эскертүүлөр берилүүдө. Учурда 1 миң 302 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. алар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондоруна жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларына туура келет — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик менен офицердик курам… Кененирээк…

Түштүк кореяда чечпей туруп тамактанса боло турган бет кап чыгарылды

Түштүк кореяда чечпей туруп тамактанса боло турган бет кап чыгарылды. Анын жөн гана астыңкы бөлүгүн мурундун үстүнө жаап, тамактан кийин кайра түшүрүп койсо болот. Бул бет кап сатыкка чыккандан кийин соцтармакта колдонуучулардын сынына кабылды. Айрымдар бет капты оозу ачык болгондуктан вирус таратат деп сынга алса,… Кененирээк…

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, маяна көбөйтүлгөндөн кийин троллейбус айдоочуларынын орточо оклады 25 миң сомду түзүп калат. Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишин жана графигин текшергенден кийин кабыл алынды.

Кыргызстанда айдоо аянттары көбөйтүлөт

Кыргызстанда айдоо аянттары көбөйтүлөт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, быйыл айдоо аянттары жалпысынан 1 миң 232 гектарды түзөт. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик  6,5 миң гектарга көбөйөт дегенди түшүндүрөт. Муну менен буудай, май өсүмдүктөрү, дандык  жүгөрү, күрүч, картөшкө жана кант кызылчасы… Кененирээк…

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды, — деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-февралында саат 07:32де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Ошондой эле… Кененирээк…

Instagram тармагында жаңы функция пайда болду

Instagram тармагында жаңы функция пайда болду. Эми мындан ары “тарыхчаларды” көрүп, аларга түрдүү эмоцияларды чагылдырган быйтыкчаларды гана жибербестен, аларга “жакты” белгисин дагы басса болот. Реакциялардан айырмасы “жакты” белгисин ким басканы тууралуу билдирүү келбейт. Жаңычылдык бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болуп баштады.

Ош шаарында 3 күндүк массалык ишембилик өтөт

Ош шаарында 3 күндүк массалык ишембилик өтөт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 18-19-20-февралда менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын жамааттары, шаар тургундары тазалоо иштерине тартылат. Муниципалитеттен белгилешкендей, таштандыдан арылтуу акциясына активдүү катышуу зарыл.