Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, маяна көбөйтүлгөндөн кийин троллейбус

айдоочуларынын орточо оклады 25 миң сомду түзүп калат. Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн

жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин

ишин жана графигин текшергенден кийин кабыл алынды.