Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган жарандарга көчүп кетүү боюнча эскертүүлөр берилүүдө.
Учурда 1 миң 302 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. алар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы
райондоруна жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларына туура келет — деп билдиришти
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик менен офицердик
курам эскертме нускамаларды берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.