Кыргызстанда айдоо аянттары көбөйтүлөт

Кыргызстанда айдоо аянттары көбөйтүлөт.

Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында,

быйыл айдоо аянттары жалпысынан 1 миң 232 гектарды түзөт. Бул былтыркыга

салыштырмалуу дээрлик  6,5 миң гектарга көбөйөт дегенди түшүндүрөт. Муну менен

буудай, май өсүмдүктөрү, дандык  жүгөрү, күрүч, картөшкө жана кант кызылчасы

жылдагыдан көбүрөөк эгилет. Ошондой эле, 4,5 пайыз менен 2 жылга насыя

түрүндө чарбаларга жана дыйкандарга үрөн берилет, — деп кошумчалады министр.