Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу системасы толук автоматташтырылды жана
ал бирдиктүү терезе аркылуу иштеп жатат. Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министри
Кудайберген Базарбаев билдиргендей, ата-энелер 4 миң сомдук пособиени эки күндөн кийин
банк аркылуу ала алышат. Эске салсак, 2021-жылы “балага сүйүнчү” жөлөк пулу 149 миң
ымыркайга берилди. Ал бир эле учурда 3 же андан ашык төрөлгөн бала үчүн ыйгарылат.