Жумгал районунда заманбап мектеп ачылды

Жумгал районунда заманбап мектеп ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жаңы-Арык айылынындагы Айып Идинов атындагы 225 орундуу мектеп каалгаларын ачып, бүгүн окуучуларды кабыл алат. Жалпы билим берүү мекемеси окуу класстары, усулкана, китепкана, жыйындар залы, спорт зал, ашкана менен камсыздалды.

 

Курулуш иштерине Сауд өнүктүрүү фондунан 66 миллион сом бөлүнгөн.