Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, каражат жер бөлүп берүү жана инвесторлорду издөөгө жумшалат.

 

Андан тышкары, туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор иштелип жатат, алар жакынкы арада ишке ашат, — деди министр. Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинен туристтик аймактардын жолдору оңдолот деп жарыялашкан.