Россиядагы мигранттар эми жылына бир жолу медициналык кароодон өтөт

Россиядагы мигранттар эми жылына бир жолу медициналык кароодон өтөт.

 

Тышкы иштер министрлиги аталган мамлекеттеги чет элдик жарандарга берилүүчү медициналык сертификаттын жарактуу мөөнөтү узартылганын билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коронавирус илдети медициналык текшерүүнүн алкагындагы жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды.

 

Москванын Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөртүлгөн жобосу 1-марттан тарта күчүнө кирет.

 

Мурда мындай медициналык кароодон үч айда бир текшерүүдөн өтүү керек болчу.