Бишкекте 5 миң керектөөчү жарыксыз калышы мүмкүн
Бишкекте 5 миң керектөөчү жарыксыз калышы мүмкүн. “Түндүкэлектр” эртең, 25-февралдан тарта электр энергиясы үчүн карызы бар абоненттердин жарыгын аралыктан өчүрүп баштайт. Бөлүштүрүүчү компания бүгүн бересени төлөөгө чакырат. Төлөмдөр уюлдук тиркеме, терминалдар, электрондук капчыктар жана почта аркылуу кабыл алынат.