Кыргызстанда доллар кескин кымбаттады

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттады.

 

Бишкектеги коммерциялык банктар АКШ валютасын дээрлик 95 сомдон сатып, 94 сомдун тегерегинде сатып алууда.

 

Акча алмаштыруу жайларындагы орточо курс 86 сом 58 тыйынды түзөт.

 

Ал эми Улуттук банктын сайтында доллардын курсу 24-февралга карата 84 сом 80 тыйын деп турат.

 

Акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскуловдун айтымында, доллардын куну 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.