Өзбекстанда ревакцинациядан өтпөгөн кызматкерлер жумуштан бошотулат.
Мындай чечимди аталган мамлекеттин Республикалык атайын комиссиясы кабыл алды.
Ага ылайык, мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөсө жана вакцинанын бустердик дозасын албаса иштен кетет.
Жумушчу талапты аткаруудан баш тарткан учурда иш берүүчү аны иштен четтетип же четтетпегенин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы көзөмөлдөп турат.