Украинадагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга бул өлкөгө барбай туруу сунушталат

Украинадагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга бул өлкөгө барбай туруу сунушталат.   Тышкы иштер министрлиги ал жактагы мекендештер жеке коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүшү керектигин эскертти.   Ведомстводон белгилешкендей, элчилик Украинадагы кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта жана дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат.   Расмий маалыматка ылайык,… Кененирээк…

Бишкекте жылуулук сезону жакынкы арада жыйынтыкталат

Бишкекте жылуулук сезону жакынкы арада жыйынтыкталат. Быйыл күн жылуу болгонуна байланыштуу, жылуулук адаттагыдан эрте өчүрүлөт. Эске салсак, ордо калаада 5 күн катары менен аба табы +5 градустан жогору кармалса, жылуулук берүү токтотулат.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү Бишкекте температура мамычалары күндүз  +15…+20 градусту көрсөтөт.

Кыргызстанда рублдун куну түшүп баштады

Кыргызстанда рублдун куну түшүп баштады. Учурга карата коммерциялык банктар россиялык валютаны 90 тыйынга сатып алып, 1 сомдон сатып баштады.   Ал эми Улуттук банктын расмий курсу – 1 сом 5 тыйын деп орнотулду.   Россиялык басылмалар билдиришкендей, рублдун куну президент Владимир Путиндин Донбасстагы атайын аскердик… Кененирээк…

Киевде аскердик абал киргизилет

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде аскердик абал киргизилип жатканын билдирди. Бул тууралуу «Украинская правда» басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешин чакырат. Ал Киевге аскердик абалды киргизет. Мындан тышкары, Украинанын асманы жабылды.   Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

Австрияда дыйкандар жаңы технологияларды колдонуп баштады

Австрияда дыйкандар жаңы технологияларды колдонуп баштады. Алар күн караманын жаңы түшүмүн дрондордун жардамы менен эгишти. Бул биринчи жолу колдонулуп жаткан эсперимент.   Технологиянын артыкчылыгы — убакытты жана жумушчулардын күчүн үнөмдөө. Андан тышкары, дрон менен урук себүүдө жер кыртышы жабыркабайт.

Бишкекте Ала-Тоо аянты аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди

Бишкекте Ала-Тоо аянты аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Кайгуул милиция кызматынын маалыматына ылайык, Чүй проспектинде жол кыймылына чектөө саат 9дан тарта киргизилди.   Бул 3-март — Туу күнүнө карата даярдыктар жүрүп жатканына байланыштуу. Репетиция бир нече саатка созулат, — дешти Кайгуул кызматынан.

Кыргызстан өткөн жылы донорлордон 448 миллион доллар алды

Кыргызстан өткөн жылы донорлордон 448 миллион доллар алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каржы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Акжолов билдирди.   Ал белгилегендей, тыштан каражат эки багыт боюнча келет: ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик инвестициялар аркылуу жана бюджетти колдоого.   Эске салсак, 2021-жылдын… Кененирээк…

Талас облусунда жер титиреди

Кыргызстанда 23-февралда саат 11де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр Талас районунун Үч-Эмчек айылында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана… Кененирээк…

Путин Донбасста атайын аскердик операция баштоону тапшырды

Россия президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын илдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл… Кененирээк…

Дүйнө акырындап коронавирус чектөөлөрүнөн баш тартууда

Дүйнө акырындап коронавирус чектөөлөрүнөн баш тартууда. Кезек коңшу Өзбекстанда. 1-марттан тарта өзбекстандыктар ачык жерлерде медициналык беткап кийбей эле жүрсө болот.   Мындай чечим Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Өзбекстанда коронавируска кабылуу учурлары азайганына байланыштуу кабыл алынды. Белгилеп кетсек, чектөөлөр ошондой эле Европа мамлекеттеринде алынып жатат.