Улуттук банк валюта рыногундагы абал боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банк валюта рыногундагы абал боюнча түшүндүрмө берди.

 

Маалыматка ылайык, учурда Украинадагы окуяларга байланыштуу, ошондой эле АКШ жана Евросоюзга кирген өлкөлөр тарабынан Россияга санкциялар белгилениши мүмкүн болгондуктан, тышкы каржылык рыноктордо рубль курсунун төмөндөгөнү байкалууда.

 

Өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

 

Доллардын кунунун өсүшү психологиялык факторлор менен шартталган, — деп айтылат өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматында.

 

Улуттук банк жагдайды турукташтыруу үчүн интервенция жасап, валюта рыногуна 13 миллион 50 миң доллар сатты.

 

Эске салсак, бүгүн өлкөдө доллар дээрлик он сомго кымбаттады.