Аксы районунун Кербен шаарындагы айланма жолдун курулушу качан аяктаары белгисиз

Аксы районунун Кербен шаарындагы айланма жолдун курулуш качан аяктаары белгисиз. Novosti.kgге район акими Замирбек Сыдыков билдиргендей, курулуш каражаттын айынан аягына чыкпай жатат. Маалыматка ылайык, трассага 560 миллион сом керектелет. Быйыл республикалык бюджеттен 2 миллион сом бөлүнгөн. Бул жолдун курулушу жыйынтыкталса, жарандар жана оор жүк ташуучу… Кененирээк…

Социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулаткандарга айып пул салуу сунушталды

Кыргызстанда базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулаткандарга айып пул салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тиешелүү мыйзам долбоору талкууга коюлду. Айып пулду жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 1 миллион сом өлчөмүндө салуу каралууда.

Ысык-Көлдө 120 орундуу жаңы тигүү цехи ачылды

Ысык-Көлдө 120 орундуу жаңы тигүү цехи ачылды. Орто-Өрүктү айылында жайгашкан ишканага облусту өнүктүрүү фонду 12 миллион 500 миң сом сарптады. Тигилген кийимдер Кыргызстандын булуң-бурчуна жана чет өлкөлөргө экспорттолот. Эске салсак, былтыр Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду облус боюнча тигүү цехтерин ачууга 185 миллион сомдон ашуун бөлгөн.

Сулайман-Тоо музей комплекси муниципалдык менчикке өткөрүлөт

Сулайман-Тоо музей комплекси муниципалдык менчикке өткөрүлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев билдирди. Анын айтымында, музей комплекс кароосуз калууда. Ошондой эле тарыхый жайга келген көрүүчүлөрдөн жылына 8-10 миллион сом чогулуп, ал майнапсыз коротулуп жатат, — деди Исаев. Ал эми Маданият министрлиги Novosti.kgге… Кененирээк…

Казакстанда үч жаңы облус пайда болот

Казакстанда үч жаңы облус пайда болот. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Маалыматка ылайык, Чыгыш Казакстан облусунун Семей аймагында Абай облусу, Караганды облусунун Жезказган өрөөнүндө Улытау, Алматы облусунун аймагында Жетисуу облусу түзүлөт. Абай облусунун борбору Семей, Улытау облусунун борбору Жезказган, Жетисуу облусунун борбору… Кененирээк…

Жети-Өгүздө калкты тейлөө борбору ачылды

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Калкты тейлөө борбору ачылды. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жаңы имарат заманбап жабдуулар, маалымат берүү аймагы, күтүү залы, электрондук кезек жана видео көзөмөл камералары менен жабдылган. Ошондой эле, балдары менен келгендер үчүн бөбөктөр ойноочу жай да каралган. Бул калкты тейлөө… Кененирээк…

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу ачыла элек

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу ачыла элек. Бул тууралуу Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Эске салсак, Долон ашуусунда кечээ 200 миң метр куб кар көчкү түшүп, кыймылга убактылуу чектөө киргизилген. Учурда жолду тазалоо иштери уланууда.

Унаалардын терезесин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды

Унаалардын терезесин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кечээ үчүнчү окууда кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, добуш берүүдө 50 депутат макул, 29у каршы болду. Эске салсак, документти министрлер кабинети сунуштаган. Ага ылайык, каалоочулар 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөп, унаасынын алдыңкы эки капталындагы айнектерине тонировка… Кененирээк…