Казакстанда үч жаңы облус пайда болот

Казакстанда үч жаңы облус пайда болот.

Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Чыгыш Казакстан облусунун Семей аймагында Абай облусу, Караганды облусунун Жезказган өрөөнүндө Улытау, Алматы облусунун аймагында Жетисуу облусу түзүлөт. Абай облусунун борбору Семей, Улытау облусунун борбору Жезказган, Жетисуу облусунун борбору Талдыкорган шаары болот.