Сулайман-Тоо музей комплекси муниципалдык менчикке өткөрүлөт.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев билдирди.
Анын айтымында, музей комплекс кароосуз калууда.
Ошондой эле тарыхый жайга келген көрүүчүлөрдөн жылына 8-10 миллион сом чогулуп, ал майнапсыз коротулуп жатат, — деди Исаев.
Ал эми Маданият министрлиги Novosti.kgге бул боюнча маселе 22-марттагы жыйында караларын, бирок министрлик маданий мурастар эч качан менчиктештирилбеши керек деген позицияда экенин билдирди.
Белгилеп кетсек, комплекс 2009-жылы июнь айында ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизилген.