Жети-Өгүздө калкты тейлөө борбору ачылды

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Калкты тейлөө борбору ачылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жаңы имарат заманбап жабдуулар, маалымат берүү аймагы, күтүү залы, электрондук кезек жана видео көзөмөл камералары менен жабдылган.

Ошондой эле, балдары менен келгендер үчүн бөбөктөр ойноочу жай да каралган.

Бул калкты тейлөө борбору күнүнө 100дөн ашуун тургунга кызмат көрсөтөт.