Ысык-Көлдө 120 орундуу жаңы тигүү цехи ачылды.
Орто-Өрүктү айылында жайгашкан ишканага облусту өнүктүрүү фонду 12 миллион 500 миң сом сарптады.
Тигилген кийимдер Кыргызстандын булуң-бурчуна жана чет өлкөлөргө экспорттолот.
Эске салсак, былтыр Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду облус боюнча тигүү цехтерин ачууга 185 миллион сомдон ашуун бөлгөн.