Унаалардын терезесин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды

Унаалардын терезесин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кечээ үчүнчү окууда кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, добуш берүүдө 50 депутат макул, 29у каршы болду.

Эске салсак, документти министрлер кабинети сунуштаган.

Ага ылайык, каалоочулар 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөп, унаасынын алдыңкы эки капталындагы айнектерине тонировка чаптап алса болот.

Бирок уруксат жүк жана жүргүнчү ташуучу унааларга берилбейт. Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.