Каракол – Эңилчек унаа жолу жабылды
Каракол – Эңилчек унаа жолу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аталган жолго бүгүн болжол менен 8 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Азыркы учурда трассага убактылуу чектөө киргизилди. Жол тейлөө ишканасынан 3 техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.